Жаңылыктар
"АЮ холдингдин" негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
"АЮ холдингдин" негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды

"АЮ холдингдин" негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 8-сентябрд чыгарган.

Маалыматка караганда, чечимде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылганы, Абдыкеримов кармалса Бишкектеги №1 тергөө абагына камалат.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы "Аю холдингине" байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында анын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго беш берене менен айып такты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Абдыкеримовго Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси – "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" боюнча айып тагылган. Бул беренеде “адамдардын тобу менен алдын ала сүйлөшүп алуу”, “уюшкан топ менен жасоо” жана “ири өлчөмдө” деген үч пункт белгиленген. Мындан сырткары 238-берене – "Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо", 41-берене – "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" (экинчи бөлүгү), 240-берене – 2Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү" (экинчи жана үчүнчү бөлүгү) жана 261-берене - "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" (биринчи бөлүгү) боюнча да айып коюлду.