Жаңылыктар
Бишкекте тротуарларды куруу активдүү жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте тротуарларды куруу активдүү жүрүп жатат

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан тротуарларды куруу иштери активдүү жүрүп жатат. Логвиненко көчөсүндөгү тротуарды курууда кызыл сызыктан чыгып кеткен эки павильон тоскоолдук жаратууда. Ошондой эле, бул объектиде ирригация системасын орнотууда бак дарактар да тоскоолдук жаратууда. Жылдыруу жана бузуу маселелери боюнча ишкана райондук администрациялар менен биргеликте иш алып барууда. Логвиненко көчөсү Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки чыгыш тарабынан эски асфальтты сыйруу иштери жыйынтыкталып, ирригация системасын орнотуу иштери башталды, жакынкы арада бордюрлары орнотулат.

Ал эми батыш тарабында Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки жердин эски асфальтын сыйруу иштери башталды.

Бул объектте тротуардын курулушу "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын подряддык уюму болуп саналган "Малидат" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.