Жаңылыктар
Бишкек шаардык соту TANSU ишканасына байланыштуу маалымат берди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык соту TANSU ишканасына байланыштуу маалымат берди

Ленин райондук сотунун чечими менен, TANSU жоопкерчилиги чектелген коомдун башкаруусунан эки жаранды чыгаруу жөнүндө Тахировдун өтүнүчү канааттандырылган. Бул териштирүү ушул жылдын 24-февралында Бишкек шаардык сотунда жана 25-июлда Жогорку Сотто каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Сот төмөнкү шарттарды эске алуу менен чечим чыгарган. «2020-жылдын 26-июнунда жоопкер Билал Ахмеддин уулу Билал Дениз тарабынан жаңы аталыштагы «ТАНСУ Индастриал» ЖЧКсы негизделген. Анын ишмердиги «Тансу» ЖЧКсы менен окшош болгонун Билал Ахмед сотто өзү да тастыктаган. 

«Тансу» өндүргөн товарлардын көп бөлүгү жана кыймылсыз мүлк түрүндөгү активдери өз баасынан бир канча эсе арзан сатылып кеткен. Ал экспертизанын корутундусу менен тастыкталган. Судья белгилегендей, жагдай «Тансу» ишканасынын жана ээлеринин кызыкчылыктарына жана мүлк укугуна зыян келтирген. "Тансу" Кыргызстандагы жылытуу жабдыктарын чыгаруучу ишкана.