Жаңылыктар
Көмүр баасы көзөмөлдө болот
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүр баасы көзөмөлдө болот

Күз-кыш мезгилинде көмүрдүн жетишсиздигине жана алып сатарлардын айынан баанын өсүшүнө жол берилбейт. Мындай тапшырманы өкмөттөгү жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү маморгандарга берди. Жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүр рыногунда, дегеле жалпы социалдык жактан маанилүү товарлардын баасын такай көзөмөлгө алып турушу керектиги белгиленди.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле, калктын керектөөсүнө жылытуу мезгилинде 1,2 млн тонна кара отун керектелээрин жана көмүр республика боюнча 549 базада сатылаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо максатында 8-сентябрдан тарта көмүрдү сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган.