Жаңылыктар
Баткендик куткаруучу “Эрдик” медалы менен сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендик куткаруучу “Эрдик” медалы менен сыйланды

Президенттин колунан сыйлык алгандардын катары арбын. Алардын арасында алыстан жол арытып келгендер да көп болду. 

Маселен Баткенден келген куткаруучу Айбек Маманазаров мекен алдында өтөгөн кызматы жана патриоттук тайманбастыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланды. 

Анын бул ийгилигин үй-бүлөсү түз эфир аркылуу көрүп, сыймыктанып турган учурлары. Сүйүнгөн ата-эненин кубанычына аймактык кабарчыбыз күбө болду.