Жаңылыктар
Өлкөдө кызамыкка чалдыккандардын саны 2 миңге жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө кызамыкка чалдыккандардын саны 2 миңге жетти

Өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны 2 миң адамга жетти. 

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында илдетке кабылгандар күн санап өсүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү 4 жашка чейинки балдар. 

Эпидемиологиялык абалды басаңдатуу үчүн 755 миң доза вакцина келди. Эми 18-сентябрдан баштап жети жашка чейинки балдарды эмдөө башталат.