Жаңылыктар
Энергетика министри Кара-Кечедеги көмүрдү казуу иштери менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетика министри Кара-Кечедеги көмүрдү казуу иштери менен таанышты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусунда жайгашкан Кара-Кече кенине барып, көмүр казуу, жүктөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кара-Кече кенинде күнүнө 5 миң тоннадан ашуун көмүр казылып, 200дөй автоунаа жүктөп, аймактарга жеткирүү иштери тынымсыз жүргүзүүдө.

Министр Кара-Кече кенинин жетекчилигине калкка көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары, Ибраев Нарын электр тармактар ишканасынын жаңы "Дөң- Алыш" көмөк чордонунун курулуш иштерин да көрүп келди. Азыркы учурда курулуш иштери башталып, жабдыктар орнотулуп жатат. Жаңы 40 мамычалар орнотулуп, 60 мамычанын орду даярдалды.

Ошондой эле энергетика министри Балыкчы шаарында жайгашкан көмүр базасына барып, көмүр ташып келүү жана жеткирүү иштери менен таанышты.