Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү. Акылбек Жапаров салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча мындан аркы иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, стратегиялык долбоорлорду жана өлкө президенти тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык ресурстарды мобилизациялоо зарылдыгын белгиледи. Жыйында 2024-2028-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору сунушталды. 

Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиевдин айтуусунда, келерки жылы жалпы мамлекеттик сектордун бюджетинин же консолидацияланган бюджеттин ресурстары 600,7 миллиард сом деңгээлинде пландаштырылган. Отурумдун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен 2024-2028-жылдарга республикалык бюджетти түзүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн камтыган 2024-2028-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун жактырды.