Жаңылыктар
Жапон өкмөтү Улуттук фтизиатрия борборуна медициналык жабдыктарды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
 Жапон өкмөтү Улуттук фтизиатрия борборуна медициналык жабдыктарды тапшырды

Долбоордун алкагында келген аппараттар бейтаптарды убагында дарылоо жана алдын ала дартты так аныктоодо жардам берет. Чөптөрдүн тамырлары жана адамзаттын коопсуздугу гранттык программасынын алкагында 1996-жылдан бери эле кургак учук менен күрөшүү максатында кызматташтык уланып келет. 

Бул аралыкта жалпы 187 долбоор ишке ашып, ага 12 млн доллардан ашык каражат сарпталган. Азыркы келген жабдыктар операция үчүн, чырак, жасалма дем алдыруучу жана электрондук-оптикалык аппараттар фтизиатрия борборуна эң керектүү медициналык шаймандар болуп эсептелет. Келген гранттын суммасы 150 миң доллардан ашат.