Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Дүйшөмбүдө жыйынга катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Дүйшөмбүдө жыйынга катышат

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен бүгүн, 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Дүйшөмбүгө иш сапар менен кетти. 

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев бар. Белгилей кетсек, сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.