Жаңылыктар
Тоолуу райондордо сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Кыргызстан жаңылыктары
Тоолуу райондордо сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 15-16-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Кырсык катталган учурда “112” номерине чалыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.