Жаңылыктар
Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Дүйшөмбүдө Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын алдыда боло турган Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна жана саммиттин жыйынтыктоочу документине даярдыктарды талкуулашып, саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, экономикалык өнүгүүнү тереңдетүү, гуманитардык байланыштарды жана аймактык коопсуздук боюнча чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип жооп берүү максатында кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты. 

Министр Кулубаев Консультативдик жолугушуулар жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогду колдоо жана аймактык көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн бекем негиз түзүп, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы өз ара ишенимди олуттуу түрдө бекемдегенин белгиледи. Кыргызстан региондук интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүгө умтулат, бул региондун өлкөлөрүнө болгон көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө жана элдерибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Маданий-гуманитардык чөйрөгө келсек, Маданият күндөрүн өткөрүү тажрыйбасын улантуунун, фестивалдарга, көргөзмөлөргө жана илимий изилдөөлөргө өз ара катышуунун, ошондой эле тарыхый жерлерге баруу менен туризмди активдүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.