Жаңылыктар
Өкмөттүн жаңы курамы көрсөтүлдү
Саясат
Өкмөттүн жаңы курамы көрсөтүлдү

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчылыкка талапкер Сооронбай Жээнбеков парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине жана көпчүлүк коалицияга өз программасын жана Өкмөттүн жаңы курамын көрсөттү. Эл өкүлдөрү өкмөттүн жаңы курамын колдоп берди. Бирок депутаттар тарабынан эскертүүлөр да болду. 

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмү түп-тамыры менен кыскартылат. Себеби бир-биринин милдетин кайталаган кызматтар бар. Чыгымдарды кыскартуу менен сунушталган кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүн. Коррупцияга каршы күрөшүү ишинин алкагында соттордун, укук коргоо органдардын кызматкерлеринин жана алардын жакындарынын кирешелери декларацияга алынат. Ошол эле учурда мамлекеттик сатып алууларда коррупция менен күрөшүүгө басым жасалат.
 

 Айрым министрликтердин гана жетекчилери алмашканы болбосо негизинен өкмөттүн курамы олуттуу өзгөрүүгө учураган жок. Социалдык блокту тейлеген Вице-премьерлик кызматка “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекованын талапкерлиги сунушталууда. Бул кызматты ээлеп келген Гүлмира Кудайбердиева эми билим берүү жана илим министрлигин жетектемей болууда. Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасынан министрликке көрсөтүлүп жаткандары да бар. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине мурдагы депутат Нурбек Мурашев сунушталууда. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрине Таалайгүл Исакунованын талапкерлиги сунушталды. Ал эми «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо институтун жетектеген Жамшитбек Калилов унаа жана жол министрине көрсөтүлүп жатат. Ички иштер министрлигин жетектөөгө мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген Улан Исраиловдун талапкерлиги сунушталып жатат. Ал эми юстиция министрине мекеменин жаш адиси Уран Ахметовдун талапкерлиги көрсөтүлдү.