Жаңылыктар
Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусу башталууда
Кыргызстан жаңылыктары
 Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусу башталууда

Тажикстандын Душанбе шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусу башталууда. Ага катышуу үчүн Президент Садыр Жапаров иш сапары менен учуп келди. Буга чейин Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин бул жолугушууда бир катар документтерге кол коюларын айткан. Алардын эң негизгиси мамлекет башчыларынын жыйынтыктоочу декларациясы болмокчу. Ошондой эле кенешменин отурумунда бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы Антонио Гуттерриштин видеокайрылуусу болот деп көрсөтүлгөн. 

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуулары 2018-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. Былтыр кезек Кыргызстанда болуп, анда негизинен чөлкөмдөгү аймактык коопсуздук жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маселелери каралган. 

Анда лидерлер ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коюшкан. Эске Салсак эки тарап быйыл 2-июнда Чолпон Ата шаарында өткөн "Борбор Азия Европа биримдиги" саммитинин алкагында жолугушуп, анда негизинен чек ара маселесине көңүл бурулганы белгиленге