Жаңылыктар
Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Базарбаев Кудайберген Базарбаевич Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Карыпбеков Улан Кадырсултанович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.