Жаңылыктар
Олуттуу маселелер көтөрүлгөн Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин кеңешмеси
Саясат
Олуттуу маселелер көтөрүлгөн  Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин кеңешмеси

Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин Бешинчи консультативдик кеңешмесинде Мамлекет башчысы Садыр Жапаров климаттык өзгөрүүгө өзгөчө көңүл буруп, жалпы аймакта суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылган Регионалдык борборду түзүүнү сунуштады. 

Иш-чаранын алкагында Президент Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда өлкө башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.