Жаңылыктар
Илимге кошкон салымдары үчүн илимпоздор сыйланды
Билим
Илимге кошкон салымдары үчүн илимпоздор сыйланды

Президент Алмазбек Атамбаев илим күнүнө карата илим жана техника тармагынын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул сыйлыктар илимпоздорго микробиология жаатында, азык-түлүк жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында жасалган жумуштар, мындан сырткары маммология жаатындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылды. 

Президенттин колунан мамлекеттик сыйлыктарды бүгүн алты илимпоз алышты. Илим жана техника жаатындагы жетишкендиктери үчүн илимий кызматкерлери сыйлоо боюнча өлкө башчынын жарлыгына бир нече күн мурун кол коюлган.
Малдардын жугуштуу ылаңдарын диагностикалоо каражаттарынын биотехнологиясы" эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыкка ээ болгондордун бири ветеринардык илимдердин доктору Рысбек Нургазиев. Ал азык-түлүк жана эпидемиолгиялык коопсуздук боюнча Кыргызстан чоң жетишкендиктерге муктаж дейт.
Ушул эле эмгекке авторлош болгон, Кыргыз-орус Славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору Бахадыр Бебезов да президенттин колунан сыйлык алды.
 Өлкө башчы өз сөзүндө илимпоздордун жасаган жумуштары мамлекет үчүн өтө зарыл экенин, кыргыз илимпоздорунун азык-түлүк жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылууга арналган илимий эмгеги немец окумуштууларынын жогорку баасына татыктуу болгонун канааттануу менен белгиледи. Илимий кызматкерлердин жетишкендиктери мындан аркы иштерге дем-күч берип, бул Кыргызстандын илим тармагынын келечеги кең экенин көрсөтүп турарын кошумчалады.