Баткен облусунун өнүгүү программасына (статус) - 500,0 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды.
Ишкерлерге бюджеттик кредиттер
2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга - 90,2 млн сом бөлүндү.
Бюджеттер аралык трансферттер
Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 01-август айына чейин республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 308,4 млн сом каржыланган.
Алар:
- Теңдөөчү трансферт – 199,4 млн сом;
- Максаттуу трансферттер - 109,0 млн сом.
Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча Баткен облусуна 168,8 млн сом каржыланды, анын ичинен:
- Облустук өнүктүрүү фонду 117,4 млн сом;
- Райондук өнүктүрүү фонддору - 51,4 млн сом.
Өз алдынча жергиликтүү органдарга - электр энергияга 9,5 млн сом каржыланган.
Ошондой эле, КР Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө - 79,7 млн сом жана өкүлдүн резервдик фондуна 2,5 млн сом.
Баткен РМА – 12,5 млн сом, резердик фондуна - 0,4 млн сом.
Лейлек РМА – 14,8 млн сом, резервдик фондуна – 0,6 млн сом.
Кадамжай РМА – 14,8 млн сом, резервдик фондна – 0,7 млн сом.
Капиталдык салымдар:
Баткен облусуна капиталдык салымдар беренеси боюнча жалпы 555 объектиге 2 045 млрд сом
бөлүндү. Аткарылышы 98,8 %ды түздү.