Жаңылыктар
"Манас" эл аралык аэропорту эки учак сатып алды
Кыргызстан жаңылыктары
 "Манас" эл аралык аэропорту  эки учак сатып алды

"Манас" эл аралык аэропорту алгачкы ирет өз каражатына эки учак сатып алганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компания менен келишимге кол коюлган. Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар 2024-жылдын май айында жеткирилет. “Учактарды алуу менен компания социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү көздөйт. Алардын ичинен ички каттамдардагы авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүнө жана баасына байланыштуу маселелер каралган”, — деп жазылган маалыматта. Бул аракет жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн негизги кадамы экени белгиленди.