Жаңылыктар
Окуучунун сабалышына ким күнөөлүү?
Билим
Окуучунун сабалышына ким күнөөлүү?

 Мектеп завучу 2 -класстын окуучусун сабады делген Бишкек шаарындагы №61-мектептин айланасында чыр-чатак кайра козголду. Мектепте балдары окуган ата-энелердин тобу бүгүн маалымат жыйынга чогулуп, бул маселени көтөрүп чыккан Жогорку Кеңештин депутатын айыптап чыгышты. Ал эми экинчи тарап, мектеп жетекчилигине жана андагы коррупцияланышкан жагдайга кине коет. 

Маалымат жыйынга келген ата-энелер окуу башталбай жатып, ар кандай текшерүүлдөрдөн улам окуу процесси үзгүлтүкө учурап жатканын айтышууда. Алар мындай жагдайга кызматтык укугунан пайдаланып, бир тараптуу маалыматты тараткан дешип, Жогорку Кеңештин трибунасынан сүйлөгөн депутат Тазабек Икрамов күнөөлүү деп эсептешет.

Ата-энелер 28-сентябрда эл өкүлү мектеп жетекчилигине, Мамытов Дамирбек аттуу жарандын баласын 1-класска кабыл алуусун өтүнгөн катты да ала келишкен. Алардын баамында дал ушул арыз канааттандырылбай калган үчүн Тазабек Икрамов ушундай жалган жалаа жабууга барды деген ойду карманышууда. Ал эми депутат, бул маалыматты толугу менен четке кагат.
Жоон топ болуп чогулуп келген ата-энелердин баамында мектеп завучу жөн гана эки бала урушуп жаткан мезгилде ажыратып коюптур. Ал эми сабалды делген Ырыскелдинин апасы, баланын колун көгөртүп, жүрөгүн түшүргөнчөктү арачы болгон завучтун каарына дагы эле түшүнө албайт.
Эс алуу аяктап бүгүн экинчи чейректин алгачкы күнү башталганына карабай, Ырыскелди мектепке барган жок. Апасынын айтымында бала өтө катуу коркуп калган.
 Кезегинде мектеп жетекчилиги ата-энелердин баары Ырыскелдинин бул мектепте окушуна каршы деген пикирин билдирүүдө. Бирок кандай болгон күндө дагы окуучу экинчи үйү болгон мектептен запкы тартып, сабалбашы керек болчу. Ал эми Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы, кандай болгон күндө да Ырыскелди Осмонов, өз мектебинен окуусун улантышы керектигин билдирүүдө. Ал эми тиешелүү тараптар бул боюнча териштирүү иштерин баштады. Коомдук биринчи канал окуянын мындан аркысына да байкоо салып турат.