Жаңылыктар
Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат
Кыргызстан жаңылыктары
 Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат

Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат. Алар менен Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жолугуп, оюндарда байгелүү орун менен кайтышын каалап, курама команданын капитанына өлкөнүн желегин тапшырды.

Кытайда өтө турган Азия оюндарына кайыктын байдарка жана каноэ түрү менен сууда сүзүү боюнча 4 спортчу Кыргызстандын намысын коргойт. Курама команда былтыр декабрдан баштап Бишкекте жана Чолпон-Атада машыгып, жакшы даярдыктан өтүшкөн. 

19- жайкы Азия оюндары 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт. Аталган оюндар былтыр COVID-19 пандемиясынан улам өткөрүлбөй калган. Азиядага Кыргызстандын атынан жалпы 164 спортчу катышат. Алардын катарында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Айбек Кубанычбек уулу, Гүлшанай Сатарова, Эркин Адылбек уулу өңдүү бир катар белгилүү спортчулар бар.

Өлкө намысын коргоп Азия оюндарына аттанып жаткан Кыргызстандык спортчуларды жана машыктыруучуларды Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров узатып, аларга өлкө намысын татыктуу коргоп, байгелүү орундарды алып келет деп ишенимин билдирди.