Жаңылыктар
Кышкысын электр энергиясы өчүрүлбөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Кышкысын электр энергиясы өчүрүлбөйт

Кыш мезгилинде маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилине даярдыкты талкуулаган жыйында айтты.

Жыйында белгиленгендей, өлкөдө энергиянын жалпы керектөөсү 17 млрд 400 млн кВ/саат. Тартыштык 3,2 млрд кВ/саатты түзүүдө. Жетишпеген энергия Түркмөнстан, Казакстан жана Орусиядан импорттолот. Жапаров белгилегендей, өзүбүздө өндүрүлгөн энергия калктын керектөөсүн толугу менен жабат. 

Ал эми таңкыс болгон 3 млрд 200 млн кВат/саат энергия экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн өндүрүшкө керек. Министрлер кабинетинин төрагасы күз-кыш мезгилинде авариялык абал жаралбашы үчүн бардык алдын алуу иш-чаралары жасалышы керектигин белгиледи.