Жаңылыктар
Президент Душанбеде көйгөйлөрдү көтөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Душанбеде көйгөйлөрдү көтөрдү

Климаттык өзгөрүүлөр барган сайын күчөп, дүйнөдө суу тартыштыгы байма-бай жаралышы толук ыктымал. Окумуштуулар ыкчам аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилеп, коңгуроо кагышууда. Президент Садыр Жапаров бул маселелерди Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин Бешинчи консультативдик кеңешмесинде кабыргасынан койду. Бир катар конкретүү сунуштарды берип, биргеликте аракеттенүүгө чакырды.