Жаңылыктар
Баткен: баатырлар эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: баатырлар эскерилди

Баткен облусунда 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Анда шаардагы “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалы ачылды. Аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев облус жетекчилери жана каза болгон жарандардын жакындары катышты.