Жаңылыктар
Республика боюнча «Жаштар жумалыгы» башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Республика боюнча «Жаштар жумалыгы» башталды

Бул иш-чара эл аралык жаштар күнүнө байланыштуу өтүп жатат. 

Ага республика боюнча жаштар кыймылы, активисттер жана жаштар парламенти катышат. Жумалык тажрыйба алмашуу менен катар, жаштар саясатын өнүктүрүү жана башка иш-чаралар менен коштолот. 

7-ноябрда башталган, жумалыктын күн тартиби өтө кызыктуу жана ал 17-ноябрга чейин уланат. 

Алардын катарында флешмоб, спорт оюндары жана кыргыздын салт санаасын жайылтууга багытталган иш-чаралар болот.

Бул жумалыкты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурууда. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"