Жаңылыктар
Садыр Жапаров фейсбук баракчасына элди кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө чакырган билдирүү жазып чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров фейсбук баракчасына элди кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө чакырган билдирүү жазып чыкты

Садыр Жапаров фейсбук баракчасына элди кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө чакырган билдирүү жазып чыкты.



"Сингапурдун башчысы ким болбосун,

ал күчтүү эркке ээ болушу кажет

же багынышы керек.

Бул карта оюну эмес.

Бул өмүрлөр:

силердин жана менин.

Бул мамлекетти курууда мен бүт өмүрүмдү арнадым, анан аны кыйратууга эч кимге жол бербөөгө да жооптуумун".

Ли Куан Ю (16/09/1923 - 23/03/2015)

Бүгүн, 16-сентябрда, элдин тагдырын жана тарыхын өзгөртүп, 30 жылдан кем убакытта үчүнчү дүйнөдөн биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдеген Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракеси.

Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылын оңой эмес сабак алууга короттук.

Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы.

Анан бул иште бизге жолтоо болгондор эсинен чыгарбасын:

"Бул карта оюну эмес.

Бул өмүрлөр: силердин жана менин...".

———————————————————————————

«Кто бы ни был правителем Сингапура,

он должен иметь внутри стальной стержень или сдаться.

Это не игра в карты.

Это жизни: ваша и моя.

Я потратил всю жизнь, строя это государство, и я ответственен за то, чтобы не позволить никому разваливать его».

Ли Куан Ю (16/09/1923 - 23/03/2015)

Сегодня , 16 сентября, - столетний юбилей Ли Куан Ю, который доказал, что историю и судьбу народа можно изменить, что можно за меньше, чем 30 лет вытащить страну из третьего мира в первый.

Первые 30 лет нашей Независимости мы потратили на то, чтобы выучить очень трудные уроки, ценой набития себе шишок.

Давайте следующие 30 лет потратим на подъем государства.

И всякий, кто будет нам в этом мешать - пусть помнит:

"Это не игра в карты.

Это наши жизни: ваша и моя..."