УКМК Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Талас облусунун аймагындагы “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүдү.
14-сентябрда жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын жыйынтыгында сот тарабынан тыюу салынган аталган диний экстремисттик уюмдун тарапкери – 1990-жылы туулган жаран өзүнүн тандап алган диний багытынын катачылыгын түшүнүп, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул кыймылдын мыйзамсыз идеологиясына алдырбоого чакырды. Ошондой эле дагы эки жаран менен тыюу салынган идеологияны жайылтууга жол берилбестиги жөнүндө профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлдү.