Жаңылыктар
10-ноябрда илим күнү белгиленет
Билим
10-ноябрда илим күнү белгиленет

Кыргызстанда 10-ноябрда илим күнү белгиленет. Бул күнгө карата Улуттук илимдер академиясында илимий-практикалык конференциялар, симпозиумдар уюштурулат. 60 жылдан ашкан тарыхында Илимдер академиясы аз да болсо ачылыштарды жазады бирок мекемени реформалоо иштери жүрүп жатат. 

Тарых көргөзгөндөй бир катар дүйнөнүн өнүккөн Жапония, Германия, Швейцария, Сингапур баш болгон бир катар мамлекеттер илимдин, илимпоздор ойлоп тапкан жаңы технологиялардын жардамы менен өнүккөн. 

Келечек илимпоздорду даярдоодо да ал өлкөлөрдө студенттер теорияга 100 гана саатын коротуп, калган убактысын лабораторияда өткөрөт – дейт адистер. Андыктан кафе-ресторан куруп же куру саясат менен гана алек болбостон илимди өнүктүрүүгө салым кошууга чакырат.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"