Жаңылыктар
Жайыл райондук сот аткаруучу кармалды
Кылмыш
Жайыл райондук сот аткаруучу кармалды

Чүй облусунун Жайыл районундук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук соттук аткаруучусу кармалды.

Атайын кызмат билдиргендей, мекеме тарабынан сот тутумундагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара талап кылуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарынын негизинде, 15-сентябрда Жайыл райондук сотунун кызматтык кеңсесинде 26 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Жайыл районундук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук соттук аткаруучусу кармалды. Буга чейин, Жайыл районундук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сотттук аткаруучусу, Кара-Балта шаарында жайгашкан дүкөндү жана батирди камака алган. Аталган дүкөндүн жана батирдин ээсинен кыймылсыз мүлктү камакка алуу боюнча аткаруу өндүрүшүнүн алкагында маселени оң тарапка чечип берүү үчүн 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.