Жаңылыктар
Шайлоодогу негизги мыйзам бузуу-бул добуштарды сатып алуу болууда
Билим
Шайлоодогу негизги мыйзам бузуу-бул добуштарды сатып алуу болууда

Бирок мындай мыйзам бузууларды жазага тартуу боюнча мыйзам жок. 

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы менен укук коргоо органдары бул көйгөйдү массалык маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүү менен чечүүгө белсенип жатышат. 

Ошентип Борбордук шайлоо комиссиясы  шайлоодогу эң негизги мыйзам бузуу-бул добуштарды сатып алуу болуп жатканын билдирип, укук коргоо органдары менен биргеликте иш-аракеттерди жүргүзүүнү көздөөдө.

Бул багытта атайын программа иштелип чыгып, массалык маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштери күчөтүлөрү семинарда айтылды.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"