Жаңылыктар
Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында катышат

Президент Садыр Жапаров 17-21-сентябрь күндөрү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында катышат.

Анда Жогорку деңгээлдеги жумалыктын иш-чараларында сөз сүйлөө үчүн Нью-Йорк шаарына (АКШ) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы билдирди.

"18-сентябрда мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине – Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат. 19-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү президенттин Борбор Азия Мамлекет башчыларынын жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дж. Байдендин биринчи саммитине катышуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Мамлекет башчысынын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Администратору Аким Штайнер, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушуулары болот.

21-сентябрда президент Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес форумунда сөз сүйлөйт, анда Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация уюштурулат", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.