Жаңылыктар
150 кыргызстандык катарактадан айыкты
Кыргызстан жаңылыктары
150 кыргызстандык катарактадан айыкты

Бишкектеги Улуттук госпиталда 150 жаранга катарактаны акысыз алып салуу операциясы ийгиликтүү жасалды. Алдыда дагы 150 бейтапка көз операциясы 26-сентябрга чейин жасалат деп пландалды. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов билдирген. 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев, Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэнь, ШКУнун Кытай коңшулук, достук жана кызматташтык комитетинин төрагасынын орун басары Цуй Ли Улуттук госпиталда болушкан. Госпиталда 12-сентябрдан тарта Кытай адистеринин тобу кыргызстандыктарга акысыз офтальмологиялык операция жүргүзүп жатышат.

Эске салсак, кытайлык адистер 12-28-сентябрь күндөрү 600 кыргызстандыкка акысыз катаракта операциясын жасашат. Бишкектеги Улуттук госпиталдын базасында 300 операция жасалып, дагы 300 операция 17-29-сентябрь күндөрү Ош облустар аралык ооруканасында жасалары мерчемделген. Мындан тышкары, кытайлык адистер кайтарымсыз негизде жогорудагы стационарлардын көздүн микрохирургиясы бөлүмдөрүнө медициналык жабдууларды беришет.