Жаңылыктар
Сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырык
Кыргызстан жаңылыктары
Сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырык

Суу каатчылыгы, кургакчылык, адаттан тыш ысык же суук аба-ырайы сымал көрүнүштөр менен коштолгон климаттык өзгөрүү дүйнөнү сестентип турган маалы. Дүйнөнүн бир топ өлкөсү жарык жана жылуулук берүүчү булактарды үнөмдөө менен алек болуп, дегеле «жашыл энергетика», «жашыл экономикага» өтүү боюнча глобалдык программаларды байма-бай ишке салууда. Акыркы жылдары өзгөчө суунун азаюусу таасын байкалууда. Окумуштуулар бул көрүнүш барган сайын күчөйт деген божомолдорун айтышууда. Андыктан ыкчам аракеттер зарыл. Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин Бешинчи Консультативдик кеңешмесинде Президент Садыр Жапаров бул көйгөлөрдү кабыргасынан коюп, чөлкөмдү климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чакырык таштады.