Жаңылыктар
Кунары кеткен курорттор, сатылган санаторийлер
Кыргызстан жаңылыктары
Кунары кеткен курорттор, сатылган санаторийлер

Бир убакта бүткүл союзга атагы чыгып турган Жети-Өгүз курортунун учурдагы абалы дал ушундай. Имараттардын эскилиги жетип, тамтыгы чыгып бүткөн. Ага карабастан айласыз дартына даба издеп келгендер көп. Себеби климаттык-бальнеологиялык курортту жашыл карагайлуу жаратылыш курчап, сейрек кездешүүчү радон булактары чыгат. Ал муун, ичеги-карын, боор, нерв жана дем алуу системаларына даба. 1 миң кишиге эсептелип 1937-жылы курулуп, 60-жылдардан тарта жигердүү ишке кирген ден соолукту чыңдоочу жай бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Тескерисинче совет маалында курулуп башталган 2 имарат, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында түп орду менен жок болуп кеткен.