Жаңылыктар
Көпчүлүк коалиция жаңы өкмөттүн курамы менен программасын жактырды
Саясат
Көпчүлүк коалиция жаңы өкмөттүн курамы менен программасын жактырды

Парламенттеги көпчүлүк коалиция сунушталган жаңы өкмөттүн курамы менен программасын жактырды. Маселе эми бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Аткаруу бийлигинин мүчөлөрүнүн үчтөн бири алмашууда. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн программасы мурда кабыл алынган программаны улантаарын айтат. 

Ошондой эле жаңы милдеттер да бар. Аткаруу бийлигин Евразия Экономикалык Биримдигинин мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жаңылоо, чыгымдарды азайтуу, коррупцияга каршы аракеттерди ар кандай жолдор менен жандантуу жана башка максаттар коюлууда.

Мындан сырткары салык саясатын жакшыртуу да максат кылынган. Салык кодексинин жаңы редакциясы коомчулуктун талкуусуна коюлганы турат. Өкмөт кайсы шаарга кандай өндүрүштү жайгаштыруу ыңгайлуу деген маселенин айланасында да иш алып барууда. Программага канаттанбаган эл өкүлдөрү четтен чыгат. Көпчүлүк коалицияга жаңы кошулган “Бир бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров өзү мүчөлүк кылган партиянын шайлоо алдындагы программасы  эске алынбаганын  айтууда.

Ал эми министрлер кабинети боюнча талкуу дээрлик болгон жок. Аткаруу бийлигинин үчтөн бири жаңыланып жатат. Коалициялык өкмөттүн табиятына ылайык кызматтар кайсы бир деңгээлде бөлүштүрүлдү. Бирок, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун айтымында фракциялар ортосунда аталган маселе боюнча талап койуулар, талаш-тартыштар болгон жок. Өкмөттүн жалпы курамына токтоло турган болсок, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков,  Биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министрлер Олег Панкратов менен Жеңиш Раззаков ордуларын сактап калууда. Ал эми дагы бир вице-премьер-министрлик кызматка депутат Чолпон Султанбекова сунушталды. Социалдык маселелер менен алектенип бул кызматты аркалап келген Гүлмира Кудайбердиева Билим берүү, илим министрлигине көрсөтүлдү. Транспорт жана жолдор министрлигине Жамшитбек Калилов, Ички иштер министрлигине Улан Исраилов, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине депутат Таалайгүл Исакунованын талапкерлиги сунушталып жатат. Калган мекемелерде жетекчилик алмашпайт. Коалициялык көпчүлүктүн колдоосуна тоскоолдуксуз татыган талапкерлер эми бүгүн парламенттин жалпы жыйынында эл өкүлдөрүнүн элегинен өтүшөт.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"