Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Кең-Суу айылына электр жарыгы киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын тапшырмасынын негизинде президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимовдун жардамы менен 1 млн 400 миң сомго 90 даана электр мамычасы сатып алынып, жерине жеткирилип берилген. Учурда орнотуу иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары, Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом бөлүнүп, кошумча жабдууларды алуу каралууда. Бул каражатка чакан айыл электр энергиясы менен толук камсыз болоору кутүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Кең-Суу айылында электр жарыгы болгон эмес.