Жаңылыктар
Окуучуну сабаган мугалим жазаланбайбы?
Билим
Окуучуну сабаган мугалим жазаланбайбы?

Борбор калаадагы №61-мектеп-лицейиндеги окуя, бир жумадан бери коомчулукта кызуу талкууну жаратты. 

Эске салсак, өткөн бейшембиде парламентте "Өнүгүү - Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов дал ушул мектептин мугалими кир жуугуч машина алып бербей койгондугу үчүн окуучуларга кол көтөргөнүн айтып чыккан. 

Окуя өрчүп олтуруп, акыйкатчыга жана Ички иштер министрлигине жетти. 

Ал эми аталган мектептин башталгыч классынын ата-энелери 8-ноябрда маалымат жыйын куруп, окуя адилет териштирилиши керек деген талаптар менен чыкты. 

Эске салсак, борбор калаабыздагы №61 мектеп-лицейи физика, математика багытындагы окуу жай. Мекеме 2015-жылы билим берүүнүн сапаты боюнча шаардагы Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейин артка калтырып, биринчи орунга чыккан.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"