Жаңылыктар
Баңгизатка каршы операциясы жүргүзүлүп, 68кг баңгизат табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баңгизатка каршы операциясы жүргүзүлүп, 68кг баңгизат табылды

 Баңгизатка каршы эл аралык "Канал-Перехват" операциясы жүргүзүлүп, 68 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Аталган операцияга ички иштер, коопсуздук органдарынын өкүлдөрү, чек арачы жана бажычылар тартылган. 

Бардыгы болуп 2 240 киши иштегени айтылды. Атайын операцияда маң затына байланыштуу 24 кылмыш иши катталып, 26 адам кармалган. Анын ичинен издөөдө жүргөн эки адам колго түшүп, 5 ок атуучу курал алынган. Операцияга учкучсуз аппараттар, кызматтык издөө иттери пайдаланылган.