Жаңылыктар
Санитардык ченемдерди сактабаган ондон ашык мекеме жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Санитардык ченемдерди сактабаган ондон ашык мекеме жабылды

Санитардык ченемдерди сактабаган ондон ашык мекеме жабылдыОш шаарында жарандардын кайрылуусуна ылайык, калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд уланууда.

Рейддин алкагында аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында 5 сулуулук жана косметологиялык салондор, 4 тиш дарылоочу борборлор, 5 медициналык дарылоо бөлмөлөрү жабылып, санитардык талаптарды сактабагандарга жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилди.Белгилей кетсек, рейдке Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери катышты.

Текшерүүлөр сентябрдын аягына чейин уланат.