Жаңылыктар
Сасык тумоого каршы 90666 вакцина сатылып алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Сасык тумоого каршы 90666 вакцина сатылып алынды

Учурда анны аймактарга бөлүштүрүп, жөнөтүү иштери жүрүүдө. Эмдөө акысыз, бирок тобокел тобундагы адамдар вакцинаны биринчи алат. Бул топко медицина кызматкерлери, өнөкөт оорулары бар адамдар, көп ооруган балдар, 65 жаштан ашкан жарандар жана кош бойлуулар кирет. Дарыгерлер респиратордук инфекциялардын алдын алуу чараларын көрүүгө чакырат. Бала курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияга кабылган учурда сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербей, дарыгерге кайрылуу сунуш кылынат. 

Мындан тышкары, окуу жана эс алуу режимин сактоо, таза абада көп болуу, жетиштүү убакыт уктоо жана жакшы тамактануу, ошондой эле эртең мененки гимнастика жана дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо керектин эскертет.