Жаңылыктар
Каракол шаары иреттеле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол шаары иреттеле баштады

Каракол шаарын иретке келтирүүдөгү кезектеги иши элдик базар аталган “Славян базары” же “Ит базарын” көчүрүү болду. 

Айтсак базар 6 жылдан бери борбордук Токтогул көчөсүндө иштеп келген. 

Ал жерде союз тараганда Россияга көчүп кетип жаткан славян улутундагылар өз буюм-тайымдарын сатып олтуруп, кийин жергиликтүүлөр колдонгон буюумдарын сатып жатып базарга айланган. 

Андан улам шаардын борбордук көчөсү дем алыш кундөрү тыгын болуп, ынгайсыз абал жараткан. 

Абалды жөнгө салуу үчүн бийлик жаңы базарга көчүрдү. 

Айсулуу Бакыт кызы, "Биринчи радио"