Жаңылыктар
Кыргызстандын жарандары унааларын онлайн кайра каттай алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын жарандары унааларын онлайн кайра каттай алышат

Пилоттук режимде RSK24 мобилдик банкинги аркылуу унааларды онлайн кайра каттоо долбоору ишке киргизилди. Долбоор КР ИИМне караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси жана КР СӨМгө караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан “РСК Банк” ААК менен биргеликте ишке ашырылууда.

Долбоордун алкагында “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык керектүү кызматтар иштелип чыккан. Иштелип чыккан кызматтардын жалпы саны 9, алар транспорт каражатына жана анын ээсине чектөөлөрдүн бар же жок экенин текшерет.

Транспорт каражатын онлайн кайра каттоо кызматын алуу үчүн сатуучу, жубайы жана сатып алуучу RSK24 тиркемесинин колдонуучулары болушу керек жана төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

- сатуучу жана сатып алуучунун электрондук кол тамгасынын болушу;

- “Унаа” Мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө транспорт каражатын алдын ала кароодон өткөрүү (кароонун жарактуу мөөнөтү 30 күн);

- транспорт каражатын күрөөгө коюунун/камоонун жоктугу;

- транспорт каражатынын ээсинин жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар жана айыптык төлөмдөр боюнча карыздарынын жоктугу;

- транспорт каражатына салыктык карыздын жоктугу.

Пилоттук долбоордун алкагында автотранспорт каражаттарын кайра каттоонун онлайн кызматы Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жеткиликтүү болуп, автотранспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматын алууга боло турган тиркемелердин тизмеси көбөйтүлөт.

Толук маалыматты 119 номерине чалып билсеңиз болот.