Жаңылыктар
Ош шаарында "Ромео жана Жульетта" спектакли аншлаг менен өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында "Ромео жана Жульетта" спектакли аншлаг менен өттү

Ош шаарында "Ромео жана Жульетта" спектакли аншлаг менен өттүС.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Жамал Сейдакматова атындагы "Туңгуч" жаштар театрынын артисттери тарабынан Уильям Шекспирдин "Ромео жана Жульетта" музыкалык -хореографиялык спектакли коюлду.

Спектаклдин бет ачарына Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов катышып, чыгармачылык топту куттуктап сөз сүйлөдү. Ошондой эле спектаклди койгон режиссёрго жана башкы ролдорду жараткан актёрлорго Ош шаарынын мэриясынын Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.