Жаңылыктар
Ундун баасы: тынчсызданууга негиз жок
Кыргызстан жаңылыктары
Ундун баасы: тынчсызданууга негиз жок

Өлкөдө Казакстандан келген ундун баасынын кымбатташына байланыштуу расмий кызмат түшүндүрмө берди. Акыркы төрт күн аралыгында ун жана ун азыктарына болгон баа жогорулаган. Ага Казакстандан келген ундун көлөмү кескин түрдө кыскаргандыгы жана кошуна өлкөдө буудайдын кымбатташы себеп болгон. Бул тууралуу ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынан билдирди.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болсо, былтыртан тарта буудайдын басымдуу бөлүгү Россиядан импорттолууда.