Жаңылыктар
Импорттолгон ундун кымбатташынын негизги себеби
Кыргызстан жаңылыктары
Импорттолгон ундун кымбатташынын негизги себеби

Өлкөдө Казакстандан келген ундун кымбатташынын негизги себеби коңшу мамлекеттен Кыргызстанга дан жүктөрү ташылып келүүчү темир жолдордун мезгилдик тыгынына байланыштуу экендиги айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын, нефтетрейдерлер жана ун чыгаруучу ассоциациялардын жетекчилери менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешме өткөрдү.