Жаңылыктар
"Кепилдик фонду" туризм тармагына 1,2 млрд сомдон ашык кредит алууга колдоо көрсөттү
Кыргызстан жаңылыктары
"Кепилдик фонду" туризм тармагына 1,2 млрд сомдон ашык кредит алууга колдоо көрсөттү

Туризм "Кепилдик фондунун" ишмердигинин маанилүү багыттарынын бири бойдон калууда жана бул тармакта иштеген ишкерлер артыкчылык катары кепилдик колдоону пайдаланышат. Фонд өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери жыл сайын дүйнөнүн дээрлик бардык булуң-бурчунан келген туристтерди кабыл алган ишкерлерге олуттуу суммадагы кредиттерди алуу үчүн кепилдиктерди берип келет. 

Жалпысынан "Кепилдик фонд" өзүнүн ишинин бүткүл мезгилинде 303,5 млн сомдон ашык суммага кепилдиктер боюнча 1,2 млрд сомдон ашык суммада кредиттерди берген. Ал эми үстүбүздөгү жылы фонд туризм тармагында иштеген ишкерлерге 155,3 млн сомдон ашык кредиттик каражаттар менен финансылык ресурстарга жетүүнү камсыз кылып, 30 млн сомго жакын суммага кепилдик берди.