Жаңылыктар
Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына жолдомо утту
Кыргызстан жаңылыктары
Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына  жолдомо утту

Спортчу Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Муну менен ал 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына Кыргызстан үчүн алгачкы жолдомону да утту. Ал бүгүн алтын медаль үчүн күрөшөт. 

Кыргызстандык балбан буга чейинки айлампаларда атаандаштарына бир да упай бербей утуп чыккан. Алгачкы күрөшүндө румыниялык Каталина Аксентени 11:0, беларустук Анастасия Зимянкованы 10:0, канадалык Жастина Ди Стассиону 11:0 эсеби менен жеңген.