Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда жол жааган кардан тазаланып, кум-туз аралашмасын себилүүдө. Ошондой эле тазалоо иштери Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда жүргүзүлүүдө. Унаа кыймылына чектөөлөр жок.
Белгилей кетсек, буга чейин синоптиктер 20-22-сентябрда өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн маалымдаган.