Жаңылыктар
"Борбор Азия жана АКШ" мамлекет башчыларынын биринчи Саммити
Кыргызстан жаңылыктары
 "Борбор Азия жана АКШ" мамлекет башчыларынын биринчи Саммити

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында "Борбор Азия жана АКШ" мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинин ишине катышты. Ага Америка Кошмо Штаттарынын Президенти жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери катышты. Саммитти АКШ Президенти Джо Байден ачып, андан соң Борбор Азиянын бардык мамлекет башчылары сөз сүйлөштү. Садыр Жапаров АКШ менен анын ичинде С5+1 форматында кызматташуу - өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат, - деди. 

Президент Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалына токтолуп, учурда ресурстун 13 пайыздан ашпаганын гана пайдаланылып жатканын айтты. Ошондуктан ГЭС жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык кызматташууга чакырды. Мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо, анын ичинде аны "жашыл" экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмашуу механизмин колдонуу демилгесин да көтөрдүк, - деп, америкалык тарап өнөктөштөр жана эл аралык финансы институттары менен иштешүүгө көмөк көрсөтөт деп ишенерин айтты.