Жаңылыктар
“Сагынбайдын Манасы” китебинин бет ачары
Кыргызстан жаңылыктары
 “Сагынбайдын Манасы”  китебинин бет ачары

«Манас» эпосунун классикалык үлгүсү деп эсептелген “Сагынбайдын Манасы” китебинин бет ачары болду. Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын белгилүү манасчысы Рысбай Исаков эпосту жалпы окурманга түшүнүктүү тилде, бир китеп кылып топтогон. 

Жаңы китеп “Манастын” толук жана көлөмдүү варианты катары саналган Сагынбай Орозбаковдун вариантынын негизинде түзүлгөн. Китеп 500 нускада Түрк академиясы, маданияты жана мурасынын эл аралык фондунун колдоосу менен басып чыгарылган. Белгилей кетсек, Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасы ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кирген.